Видео. Анара Мамбеталиева Мамэкотехинспекциядагы коррупционерлердин атын атап, президенттен колдоо сурады
Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева буга чейин аталган инспекциядагы жумушунан бошотулганын бул анын ички коррупция менен күрөшүү далалатынын жыйынтыгы болгонун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып чыккан. Мамбеталиеванын айтымында, ал инспекциядагы жемкорлукка малынган кызматкерлерди жакшы билет. Ошондуктан, жетекчиликке кабар берип, коррупцияны токтотуу урааны менен өзү жалгыз пикет өткөргөн. Андан көп узабай, кызматтан алынган.
Ал эми учурда ал расмий түрдө кызматтан кете электигин билдирди.
“Учурда жетекчилиги мени расмий түрдө кызматтан кеткенимди өзүмө айта элек. Жетекчиликке кайрылганымда бир-бирине шылтап жатышат. Мамэкотехинспекциянын ичиндеги коррупцияга катыштыгы бар айрым жетекчилер кол алдындагы иштегендерди коркутуп алышкан. Эгерде ким баш көтөрсө мен сыяктуу берене менен иштен кетет деп. Мен кесиптештеримди түшүнөм. Албетте тыйындын экинчи бети бар. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш Акыйкат женет. Мен азыр өзүмдү актабайм. Жараткандын таразасы актайт. Башыма келген сыноону жеңип, элиме мындан ары кызмат кылам деп ишенем. Андыктан баардыгыңыздарды Президентибизди колдоп, өкмөтүбүздү колдоп, коррупцияга каршы ачык күрөшүүнү сунуштайм! Келгиле тазаланалы! (эртеңки күнү Кыргызстандыктардын соц барагындагы кара кагазына эскерилип калгым келбейт, таза жана акыйкат экенимди тируу кезимде баалап бериниздер, суранам!”- дейт мамбеталиева.
Ал эми соцтармактарда мурдагы маалымат катчынын кызматтан айдалышы кызуу талкууга алынууда. Колдонуучулардын басымдуу бөлүгү коррупцияны жектеп, Мамбеталиеванын таламын талашып жатканын байкоого болот.
Добавить комментарий ×