Американын Коргоо министри Жеймс Мэтис отставкага кетти

22 декабря 2018 10:23 722 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Американын Коргоо министри Жеймс Мэтис отставкага кетти. Чет элдик басылмалардын берген маалыматына ылайык, коргоо министри АКШнын президенти Дональд Трампка берген арызында көз караштары келишпей калгандыгын белгилеген. Анда ал АКШнын өнөктөштөрү менен тыгыз мамиледе болуп, Кытай менен Орусияга каршы туруу керек экендиги айтылган. 

Ушуга жана башка туура келбеген көз караштарга байланыштуу коргоо министри арызын жазып кетүүнү туура көргөн. Ал расмий түрдө 28-февральда кызматтан кетет. 

Ал эми АКШнын президенти анын отставкасын кабыл алып, Твиттер баракчасына 2 жыл ичинде аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирген. 


Ссылка: https://barometr.kg/amerikanyn-korgoo-ministri-zhejms-metis-otstavkaga-ketti



Добавить комментарий