Бай деп эсептелиш үчүн канча акча керек?

27 июня 2022 10:06 3715 Barometr
Поделиться в:
ok

Байлык деген түшүнүк көп нерсеге таандык. Айрымдары карызы жокторду бай десе, көптөрү үчүн бул кеңири маанини камтыган түшүнүк. Америкалыктар аз дегенде 2,3 миллион доллар болгондорду бай деп эсептешерин “Bloomberg” басылмасы жазып чыкты.

Америкалыктар каржылык планда өзүн жайлуу сезиш үчүн каржысынын абалы 1,1 миллион доллар (22 жаштан 37 жашка чейин) болушу керек.  

Бул боюнча сурамжылоого 21 жаштан 75 жашка чейинки 1000 америкалык катышкан.

Анда кызыктуу жооптордун бири респонденттердин кыймылсыз мүлк алууга карата кызыгуулары болду.

Көптөрү, өзгөчө жаштар алар үчүн байлык акчанын конкреттүү суммасы эмес, жашоосунун сапаты экенин айтышты. 60 пайызы же көбүнчө 37 жаштагылар финансылык жактан 10 жыл аралыгында ийгиликтүү болууну самашарын билдиришкен. Ошол эле учурда 59 пайызы айлыктан айлыкка жашарын мойнуна алышкан.

Ал эми өзүңүздү толук бай деп эсептөө үчүн сизге канча каражат жетиштүү?

Ссылка: https://barometr.kg/amerikalyktardyn-baj-boluusuna-kancha-akcha-kerek



Добавить комментарий