Америкалык белгилүү актердун үйүнө жарылуучу зат салынган белгисиз кутуча келди

25 октября 2018 19:25 1257 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Белгилүү америкалык актер Роберт Де Ниронун үйүнө белгисиз адамдар жарылгыч зат камтылган "кутуча" жиберишкен. Бул тууралуу NBC News маалымат агенттиги жергиликтүү укук коргоо органдарынын шилтемеси менен берген. Маалыматта, жарылгыч заттан турган нерседен эч ким жабыркаган эмес. Мындай сырдуу "белектер" мурда дагы Америкадагы жогору жакта турган чиновниктерге жана демократиялык партиянын мучөлөрүнө да келген. Телеканалдын айтымында шектүү түйүнчөк Нью-Йорктогу актер жашаган үйдүн адресине жана иштеткен ресторанын адресине келген. 

Мындай шектүү кутучалар мурдагы АКШнын президенти Барак Обамага, миллиардер Жордж Сороско, Хилари Клинтонго жана дональд Трамптын айрым оппоненттерине келгендиги айтылган. Бул сырдуу түйүнчөктүн робот менен иштегени белгилүү болуп, азырынча ким жиберип жаткандыгын полиция изилдөөдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/amerikalyk-belgil-akterdun-jn-zharyluuchu-zat-salyngan-belgisiz-kutucha-keldi



Добавить комментарий