Жыйырма жылдан бери өзүн жыланга чактырган киши кандай кеңеш берет?

25 май 2019 11:30 2102 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айрым жыландардын уусу адамды заматта өлүмгө учуратат. Тайпан, кара мамба жана падыша кобра сыяктуу сойлоп жүрүүчүлөр чакса күчтүү дарылар, мыкты медиктер да куткара албайт. Бирок 51 жаштагы америкалык Тим Фрид мындай сыноолорду башынан өткөргөн. Ал кандай жылан чакса да тоготпойт, ал тургай дарыгерлерге кайрылбайт.

Мындай жөндөмгө Тим оңой эле ээ боло алган эмес. Планетадагы уулуу жыландардын уусун көтөрү алгач кыйын болгон. Бул үчүн көп жыл машыккан. Фриддин ырымы бар. Кара мамба чакканда 15 мүнөттүн ичинде жүрөгү токтобосо ал аман калганын билет.

Тим өзүнүн ата-энесин бир да жолу көргөн эмес. Аны балдар үйүнөнө багып алышкан. Балалыгы Висконсин штатындагы Милуоки аймагында чытырман токойлуу, көлү бар аймакта өткөн. Тим жылан жана музоо баштарга кызыкчу.

Тимдин биринчи кооптуу сыноосу 2001-жылы 12-сентябрда Америкадагы кайгылуу окуядан бир күн кийин болду. Террорчулар эгиз мунарага кол салганда ал жактагы дос кызы көз жумган. Ошондон оор депрессияга кабылып, Египет кобрасынын уусун байкагысы келген. Сойлоп жүрүүчү анын манжаларынын бирин чакканда жыландын уусун чогултуп жүргөндөр өлүмдөн сактаган. Ошондой эле ал бир жыл бою жыландын уусу кошулган адамды токсиндерден коргоочу дары сайдырып жүргөнү себепчи болгон.  

Азыр анын YouTube каналы бар. Анда өзүнүн ыкмаларын көрсөтүп, кызыккандардын суроолоруна жооп берип келет.

Ссылка: https://barometr.kg/amerikalyk-20-zhyl-zn-zhylandy-chaktyryp-kelet



Добавить комментарий