Америкадагы Аризон штатында 53 жаштагы аял чөлдө унаа кырсыгына учураган. Аны 6 күндөн кийин тирүү табышкан
Поделиться в:
Америкадагы Аризон штатында 53 жаштагы аял чөлдө унаа кырсыгына учурап, 6 күн эч нерсе ичпей-жебей унаанын ичинде жашаган. Бул тууралуу Associated Press маалымат агенттиги жазды. Анда айтылгандай, кырсык 12-октябрда болгон. Аял унаанын рулун башкара албай көчөдөн чыгып, капталга ылдый түшүп кеткен. Кырсыктан жаракат алган аял, өз алдынча чоң жолго жетип, жардам сураганга аракет кылган. Бирок, жаракатынан улам эч нерсе кыла алган эмес.
Маалыматта айтылгандай, жолдон өтүп бара жаткан үч адам, бош унаанын жатканын байкап, андан чыккан изди кууп олтуруп, аялды эсин учун жоготуп жаткан жеринен 18-октябрда табышкан.
Добавить комментарий ×