Алып баруучу Чынара Капарова санитарка болууга даяр

2 июля 2020 17:14 3862 Barometr
Поделиться в:
ok

Алып баруучу Чынара Капарова дарыгерлерге жардам иретинде санитарка болууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып “Барометр” билдирет.

Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, учурда  медицина кызматкерлеринин күчү жетишсиз. Билими жок болсо да, жардам берүүгө даяр инсандар катардагы элден чыгууда. Алардын бири алып баруучу, журналист Чынара Капарова.

“Капельница койгонду билбейм, укол жасай албайм. Санитарка болуп берүүгө даярмын”, - деп билдирди алып баруучу.

“Колубуздан келген жардамды аябайлы. Колго жугуп калбайт. Жардам берели”, деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Коронавирусту дарыгерлер да жугузуп алып жатканына байланыштуу, алардын катары да кыскарып жатат. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Жалпы Республика боюнча 921 учурга жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/alyp-baruuchu-chynara-kaparova-sanitarka-boluuga-dayar



Добавить комментарий