Алып баруучу кыз жамбашын чоңойтом деп оору жуктуруп 17 жолу операция болду
Колумбиялык белгилүү алып баруучу кыз Джина Кальдерон 27 жашында пластикалык операциялардын курмандыгына айланды. Бул тууралуу ал өзунүн инстаграм баракчасында толук түрдө айтып берди. Айтымында Кальдерон көчүгүн чоңойтуу үчүн салдырган импланттары “уулуу” болуп ал жалпысынан 17 жолу кайра-кайра пластикалык аперация жасатууга мажбур болгон.
“Эч качан бөлөк бир нерселерди жамбашыңарга салдырбагыла! Андан көрө спорт залга барып машыккыла”, -дейт теле жылдыз өз сөзүндө.
Джина бул жолго баруусунун себебин өзүнүн өзүнө берген төмөн баасы себеп болгону менен түшүндургөн. Бирок үмүтү таш каап операциядан бир аз убакыт өткөндөн кийин ден-соолугу начарлап, “уулуу” импланттар салынганын аныкташкан. Кийин импланттарды алгандан кийин фиброз пайда болгон.
Теле жылдыз катуу оорууларга чыдап дайыма дарыгерге барып турат.
Денесиндеги импланттар алынгандан кийин анын денесине шарчалар сыяктуу болгон өсүндүлөр чыга баштаган.
“Азыр дарыгер менин денемдеги уунун 80 пайызын алып салды, бирок бул дагы да аягы эмес. Мунун баары толук качан бүтөөрүн мен да дарыгер да билбейбиз. Бул адамды өлтүрүп да коюшу мүмкүн. Абдан оорулуу. Баари бир сулуу жамбашым болгон жок, бирок ден-соолугум кетти”, -деп жазды өкүнгөн Джина.
Добавить комментарий ×