Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду

19 августа 2022 20:12 1528 Barometr
Поделиться в:
ok

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Жарлыкка ылайык Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду", -деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин, Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматына кайра кайтары айтылган.

Бейшеналиев 2-июнда "коррупцияга" айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. 

Алымкадыр Бейшеналиев бул кызматка 2020-жылдын 14-октябрында келген.

Ссылка: https://barometr.kg/alymkadyr-bejshenaliev-salamattykty-saktoo-ministri-kyzmatynan-boshotuldu



Добавить комментарий