Алымбек Датканын 220 жылдыгына арналган маареке жазга жылдырылды

24 октябрь 2019 16:59 754 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Марлен Маматалиев мамлекеттик маанидеги иш-чараларды тиешелүү деӊгээлде өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Депутат Марлен Маматалиев КР мамлекеттик жана коомдук ишмерлери боюнча маарекелик иш-чараларды өткөрүү боюнча Өкмөттүн тиешелүү токтомуна токтолду. 2015-жылда кабыл алынган Өкмөттүн токтомуна ылайык, мамлекеттик жана саясый ишмер Алымбек Датканын 215 жылдыгы белгиленмек. Бирок шайлоолорго байланыштуу бул иш-чара белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Эми ноябрь айында өткөрүү белгиленип, мамлекеттик деӊгээлден райондук деӊгээлге түшүп калды.

Марлен Маматалиев маарекелик иш-чараларды өткөрүүнүн мааниси той-топур менен чектелбестигин, анын башкы максаты кийинки муундарга мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө жана калыптанышына салымы зор болгон инсандарды таанытуу экенин баса белгиледи.

Эл өкүлү Алымбек Датканын 220 жылдыгына арналган маарекелик иш-чараларды өз деӊгээлинде келерик жылдын жаз мезгилинде өткөрүүнү Өкмөткө сунуш кылды.


Ссылка: https://barometr.kg/alymbek-datkanyn-220-zhyldygyna-arnalgan-maareke-zhazga-zhyldyryldy



Добавить комментарий