“Альянс Алтындын” акционерлеринин атынан Талас облусуна кезектеги жардам берилди

3 апреля 2020 16:57 1399 Barometr
Поделиться в:
ok

3-апрелде Талас облусуна “Альянс Алтын” компаниясынын акционерлери тарабынан аймакта коронавирустун алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө максатында бөлүнгөн 16 миллион сомдун алкагында медициналык каражаттар алып келинди. Бул тууралуу компаниянын коомдук байланыш бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкулов билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 150 коргоочу костюм, бир колдонулуучу 400 коргоочу костюм, 500 желим халат, 1 100 метр марли, микробго каршы препараттар менен антибиотиктер алып келинген.

“Бүгүн препараттар менен каражаттардын жарымым облустагы үй-бүлөлүк медицина борборунун кампасына бердик. Андан сырткары “Бакут-Талас” фондусунун коомдук кеңеши жана журналисттер менен форма, беткап жана колкаптарды блокпосттордо тургандарга алып барып жатабыз”, — деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин “Альянс Алтын” компаниясынын акционерлери коронавирус менен күрөшүүгө 16 миллион сом бөлгөн.  Аталган каражатка Талас облусуна өтө зарыл болгон медициналык жабдуулар, коргоочу каражаттар, беткап, колкап жана антисептиктер алып келинген.

 

Андан сырткары кишиден коронавирусту аныктай турчу 6 миң даана эксперсс-тестке заказ берилген.

Талас облусунун тургундарына “Альянс Алтын” ЖЧКсы тарабынан бир мүшөктөн ун жана күрүч таратылган.  Азык-түлүк аз камсыз болгондор менен тамак-аш сатып алууга үлгүрбөй калгандарга берилген.

Ошондой эле облуста дезинфекция жүргүзүү үчүн 3,5 тонна хлорка алынган.

“Альянс Алтын” компаниясы Таластагы Жерүй кенин иштетет.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyndyn-akcionerlerinin-atynan-talas-oblusuna-kezektegi-zhardam-berildi



Добавить комментарий