"Альянс Алтын": "Жер үй элдик долбоор, эл менен бирге коронавирусту жеңебиз!"
Поделиться в:
Жер үй алтын кенин иштетүүчү “Альянс Алтын” компаниясы Талас облусунун жашоочуларына кайрылуу жасады.
«Бүгүн, тилекке каршы Талас облусун дагы оор илдет басты. Биз, компаниянын жетекчилиги тарабынан колубуздан келген жардамыбызды элге берип келе жатабыз. Бирок, дубанда оорунун таратылып кетишпесин десек, жоопкерчиликти өзүбүздөн баштасак! "Сактансак, сактайт!" - деген сөздү эске алып, ооруну бирге, ынтымак менен жеңебиз деген ойдобуз» - деп «Альянс Алтын» ишканасы билдирди.
Белгилей кетсек, учурда Талас облусунда коронавирусту жуктурган 3 учур катталды.
Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-zher-j-eldik-dolboor-el-menen-birge-koronavirustu-zheebiz
Добавить комментарий ×