"Альянс Алтын" Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктады

8 мая 2021 16:19 3357 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 8-майда Талас облусунда Жерүй алтын кенин иштетүүчү "Альянс Алтын" компаниясынын өкүлдөрү "Бакубат Талас" фонду менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттукташты.


Компания согуштун ардагерлерине жеңиш үчүн ыраазычылык билдирип, аларга акчалай каражат тапшырды.

  


"Ардагерлерибиздин эрдигинин аркасында биз согушта жеңишке жетип, 75 жылдан ашуун убакыттан бери бейпил жашоодо жашап келе жатабыз.


Жыл өткөн сайын, ардагерлерибиздин саны азайууда. Тилекке каршы, Талас облусунда беш гана согуш ардагери калды, былтыр алардын саны 12 эле. Жеңиш күнүнүн урматына  "Альянс Алтын" Талас облусунда бир катар иш-чараларды өткөрдү.


Тактап айтканда, 10-11-класстын окуучулары арасында 9-май Улуу жеңиштин урматына сынак өткөрүлдү.

"Бакубат Талас" фондунун жетекчиси Батырбек Качкынбаев Жеңиш күнүнө арналган сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктарды тапшырды.

Сынактын жеңүүчүлөрү ноутбук, планшет жана башка баалуу белектерди утуп алышты.

Салтанатка мектеп окуучуларынын ата-энелери катышып, балдарга өнүгүү үчүн стимул бергендиги үчүн, ошондой эле балдарды колдогондугу үчүн компанияга ыраазычылык билдиришти", - деп айтылат маалыматта.  


Белгилей кетсек, Альянс Алтын компаниясы жыл сайын Жеңиш күнүнө карата иш-чараларды өткөрүп келет.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-uluu-ata-mekendik-sogushtun-ardagerlerin-zheish-kn-menen-kuttuktady



Добавить комментарий