"Альянс Алтын": Талас районунда аялдар акысыз текшерүүдөн өтүп жатат

29 сентября 2021 14:55 1787 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 29-сентябрда Талас областынын Талас районундагы Бекмолдо айыл өкмөтүндө аялдарды эмчек безинин рак оорусуна акысыз текшерүү башталды. Бул тууралуу аталган компаниянын маалыматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Текшерүү “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун демилгеси менен “Бакубат Талас” фондунун каржылоосунда ишке ашып жатат. 

"Бакубат Талас" фонду "Эргене" коомдук фонду менен санариптик маммограф аркылуу текшерүү боюнча келишим түзгөн.

Эртең менентен тартып текшерүүгө көп аялдар келишти, алардын ден соолугуна көрүлгөн мындай камкордукка ыраазычылык билдиришти.

Координатор Тынара Касымова белгилеп өткөндөй, алдыңкы технологиялар менен мындай диагностикалык аныктоо алгачкы ирет жүргүзүлүп жатат.

Талас областындагы президенттин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери дагы бул текшерүүнүн маанилүү экенин белгилешти.

Бир күндө жашы курагы 30 жаштан жогору 35 аял текшерүүдөн өтө алат.15 күндүн аралыгында аталган айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлөт.

Текшерүү заманбап маммограф орнотулган көчмө диагностикалык клиниканын жардамы менен жүргүзүлөт. Ал залалдуу шишик ооруларын биринчи баскычтарында аныктап  бергендиктен, миңдеген  өмүрлөрдү сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Аталган көчмө клиника саламаттык сактоо тармагынын адистери багыты боюнча тыгыз кызматташуусу, Талас облусунун райондук борборунда жана айылдарында кызмат өтөй тургандыгы айтылууда. Тартылган сүрөттөрдүн бардыгы Бишкектеги тажрыйбалуу рентгенолог адисине келип, кайрадан үй-бүлөлүк дарыгерлерге жөнөтүлүп турат.Бардык күмөн санаткан жагдайлар атайын программанын жардамы менен көзөмөлгө алынып, текшерилүүчү айым андан аркы кадамдар боюнча кошумча маалыматтарды ала алат.

«Альянс Алтын» компаниясы бул оорунун диагностикасын эрте аныктоонун өзгөчө маанилүү экенин белгилейт жана мобилдик клиниканын иши Талас областынын тургундарына сапаттуу медициналдык тейлөө алууга мүмкүндүк берет деген ниетте.

Эң башкы белгилеп кетүүчү жагдай - бардык каалоочулар үчүн текшерүү акысыз.

2 айда толук форматтуу санариптик маммография аркылуу Талас областында 1 400 аял текшерүүдөн өтө алат.

Аталган жогорку технологиялык жабдуу күнүгө 35 аялды текшерүүдөн өткөрө алат.

Маммографияга аялдар жергиликтүү гинекологдон же болбосо үй-бүлөлүк дарыгерден көрсөтмө болгондо гана текшериле алышат.

Маммографияга катталуу жергиликтүү медициналык мекемелер (үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, ФАПтар) аркылуу жүргүзүлөт жана трелейрдин администраторуна берилет.

Маммографиялык изилдөө жашы 40 жаштан жогорку аялдарга жылына 1 ирет, айыз циклинин 5 күнүнөн тартып 12 күнүнө чейин өтүү сунушталат. Менопауза болгон аялдар кайсы күнү болбосун маммографиядан текшерилсе болот.

Маммографиянын жыйынтыктары 10 күндүн аралыгында чыгарылат. Трейлердин администратору аны жергиликтүү медициналдык мекеменин каттоо бөлүмүнө берет.

Маалым кат

Кыргызстандагы онкологиялык оорулардын түзүмүндө биринчи орунду эмчек безинин рагы ээлейт, анын көрсөткүчү 18,5 пайызды түзөт. Экинчи орунда жатын моюнчасынын рагы туруп, 13 пайыз деңгээлде турат. 2020-жылы эмгек безинин рагы менен ооруган 626, жатын моюнчасынын рагы менен ооруган 413 жаңы учур катталган.

Өлүм менен аяктаган учурлардын көбүнө бейтаптардын дарыгерлерге кеч кайрылышы,Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда кесипкөй адистердин жоктугу, республиканын калкынын онкологиялык оорулары тууралуу маалыматынын аздыгы, текшерүүчү кабинеттердин жоктугу жана башкалар себеп болот.




Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-talas-rajonunda-ayaldar-akysyz-teksherdn-tp-zhatat



Добавить комментарий