"Альянс Алтын” Талас облусун өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыкты
Жерүй алтын кенин иштетүүчү "Альянс Алтын” ишканасы облустун аксакалдарын кенге чакырып, Талас облусун өнүктүрүү стратегиясынын долбоору менен тааныштырды..
Ошентип, Жерүйгө Жогорку Кеңештин экс-спикери, академик Алтай Бөрүбаев, Талас облусунун экс-губернатору Искендер Айдаралиев, легендарлуу парламенттин депутаты, милициянын генерал-лейтенанты Бексултан Ишимов, Кыргызстан курулушчулар союзунун жетекчиси Аскарбек Молдобаев жана башка коомдук жана мамлекеттик ишмерлер барышты. Аксакалдарга алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика, ошондой эле алтынды алуу процесси көрсөтүлдү. Мындан тышкары коноктор таштандылар кандай сакталып жатканын көрүштү.Таштандыларды калдыктарды сактоочу жайларда 80% кургак сактоо аксакалдар тарабынан бекитилген.
Ишкананын өкүлдөрү сакталган кургак калдыктардан курулуш материалдарын чыгаруу пландары жөнүндө айтышты.
Алтай Бөрүбаев кенге барганга чейин экологияга тынчсызданып келгенин, бирок, коопсуздук чаралары көрүлүп жатканын көргөндөн кийин кооптонуу тарап кеткенин белгиледи.
«Жерүй иштей баштагандан бери экологияны ойлоп келем. Ал алтын казып алуу экологияга жана адамдарга зыян келтирет деп коркком. Бирок, алдыңкы технологиялар менен курулган фабриканы жана таштандыларды кургак сактоону көргөндөн кийин коркуу сезими жоюлду», - дейт Алтай Бөрүбаев.
Искендер Айдаралиев белгилегендей, буга чейин, облустун аксакалдары «Альянс Алтын» ишканасынын жетекчилигине алтын кандай шартта казылып жатканын көрсөтүү үчүн кайрылышкан.
«Бизге Жерүйдөгү бардык технологиялык процессти көрсөтүштү. Таштандылар кургак сакталат экен. Эксперттер экологиялык коопсуздук тууралуу айтып беришти. Жергиликтүү фонддорго жана бюджетке түшкөн каражаттын эсебинен облуста көп иштерди жасоого болот», - деп эсептейт экс-губернатор.
Аксакалдарга компаниянын Талас облусун өнүктүрүү стратегиясы тааныштырылды. Коноктор эки саатан ашык облусту өнүктүрү стратегиясын талкуулашты. Аскарбек Молдобаевдин айтымында, компания абдан жакшы стратегия иштеп чыккан.
«Бардык пландар ишке ашса, Талас облусу өнүккөн аймактардын бирине айланат», - деген ал Талас облусун өнүктүрүү боюнча дагы бир нече сунуштарын айтканын кошумчалады.
Катышуучулар стратегияны жактырышты. Андан ары меймандар ишкана тарабынан металлургдардын күнүнө карата уюштурулган спартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоого катышты.
Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-talas-oblusun-nktr-strategiyasyn-ishtep-chykty
Добавить комментарий ×