"Альянс Алтын" өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Асанбек Оторбаев атындагы паркы жаңыланды

22 января 2026 11:50 Barometr
Поделиться в:
ok

Талас облусунда “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Асанбек Оторбаев атындагы “Жеңиш” паркы жаңырды.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаевдин 100 жылдыгына карата анын туулуп өскөн жери Чат-Базар айылындагы Асанбек Оторбаев атындагы “Жеңиш” паркы жаңыланды.

Бул иштерди жүргүзүү үчүн “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан 6 миллион сом каражат бөлүнүп, учурда паркта реконструкция иштери аяктады. Жаңылануу алкагында эс алуу багы заманбап талаптарга ылайык кайрадан жасалып, айыл тургундары жана коноктор үчүн эс алуу жайына айланат. 

Фонддун бул колдоосу А.Оторбаевдин эрдигин даңазалоо жана келечек муундарга патриоттук тарбия берүүгө жана тарыхый мурастарды сактоого багытталган.


Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-nktr-fondunun-koldoosu-menen-asanbek-otorbaev-atyndagy-parky-zhaylandy



Добавить комментарий