"Альянс Алтын" балдар арасында өткөрүп жаткан сүрөт сынагынын жыйынтыгын чыгарды

15 июня 2022 19:19 1443 Barometr
Поделиться в:
ok

Жерүй алтын кенин иштетүүчү "Альянс Алтын” компаниясы балдар арасында өткөрүп жаткан “Менин келечектеги кесибим” сүрөт сынагынын жыйынтыгын чыгарды.

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Альянс Алтын» ишканасынын кызматкерлеринин балдары арасында мелдеш уюштурулган.

Жалпысынан комиссиянын кароосуна 50дөн ашык чыгармачылык иштер сунушталып, анда балдар кыялынданып жүргөн келечектеги кесиби тууралуу ойлорун чагылдырышкан.

10-июнда сынактын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр татыктуу белектер менен сыйланышты:

I орун - Дарика Улукбекова жана Алихан Көчөкбаев татыкттуу болуп, электросамокатка ээ болушту;

II орун - Айбике Идирисова жана Аяна Кадырбекова ээ болуп, 
велосипед белекке берилди;

III орун – Луиза Сагынбекова, Гүлкайыр Орозбекова татыкттуу болуп, Redmi 9 телефондорун жеңип алышты.

Ошондой эле,  Амир Абдыжапаров, Алымбек Шайбеков, Дамир Орозбеков, Чолпонай Молдалиева, Ахмад Эшмамадов, Даниел Шайбеков, Адилет Замирбеков, Медет Закиров, Каниет Колпочбаев, Эмир Рысбергеновдорго кызыктыруучу сыйлыктар, акылдуу сааттар тапшырылды.

"Альянс Алтын" сынактын негизги максаты балдардын чыгармачылык жөндөмүн ишке ашырууга колдоо көрсөтүү экенин баса белгилеп өттү.

«Биз сынакка катышып, ушундай сонун сүрөттөрдү жараткан бардык балдарга ыраазычылык билдиребиз!

Жаш муундарыбызга ийгиликтерди каалайбыз!", -деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.



Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasy-menin-kelechektegi-kesibim-attuu-baldardyn-srt-synagynyn-zhyjyntygyn-chygardy



Добавить комментарий