“Альянс Алтын” компаниясы коронавирус менен күрөшүү үчүн 16 миллион сом бөлдү
Жерүй кенин иштеткен “Альянс-Алтын” компаниясы коронавирус менен күрөшүү үчүн 16 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу “Альянс-Алтындын” маалымат катчысы Касиет Карачолокова билдирди.
Анын айтымында, биринчи жардам катары “Бакубат-Талас” фондунун каржылоосу менен Канададан жалпы суммасы 6 миллион сом болгон атайын 6 миң тест алууга заказ берилди.
Андан сырткары Талас облусуна коргоочу медициналык кийим менен 11 миң беткап, антисептикалык каражат алынып, облустук штабга тапшырылды. Аларды атайын тизме менен даректерине жеткиришет.
Талас облусунун башчысы Марат Мураталиев “Бакубат-Талас” фондусунун каржылоосу менен медициналык каражаттар алынып жатканын кошумчалады.
“Буга чейин 30 миң беткап алып келинген. Бүгүнкү күнү дагы 11 миң баткап менен медициналык атайын кийимдер алып келинди. Бардык каражат көзөмөлгө алынып, максатына ылайык колдонулат”, — деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasy-koronavirus-menen-krsh-chn-16-million-som-bld
Добавить комментарий ×