"Альянс Алтын" ишканасы алып берген эко-урналары Талас облусунда орнотулду

17 июня 2022 16:07 1388 Barometr
Поделиться в:
ok

“Альянс Алтын” ишканасы  Талас облусуна 24 эко-урна алып берди. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип " Барометр" билдирет.

Талас районундагы Жерүй алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы 5-июнь Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата Талас облусуна 24 даана желим бөтөлкөлөрдү таштоочу урналарды жеткирип берди.

“Учурда эл көп болгон жерлерде ар кандай суусундуктардын желим бөтөлкөлөрү ташталууда. “Альянс Алтын” компаниясы айлана-чөйрөнү коргоо максатында 250 миң сомго Бишкек шаарынан желим бөтөлкөлөр ташталуучу урналардан жасатып келип, 20 даанасын Талас облусунун өкүлчүлүгүнө тапшырды. Калган төрт урна Жерүй алтын кенинин аймагына орнотулду”, -деди компаниянын өкүлү Калыбек Тайтекеев.

Талас облустук өкүлчүлүктүн экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казбек Медетбеков урналар Өтмөк ашуусунан тартып, облустун Казакстан менен болгон чек ара бекетине чейин орнотулганын айтып, төмөнкүдөй бөлүнгөнүн билдирди:

Талас районуна - 2 ;

Бакай-Ата районуна - 2;

Кара- буура районуна - 2;

Манас районуна - 2;

Талас шаары - 8;

Манас ордо комплексине - 1;

Беш-Таш жаратылыш коругуна- 1;

Өтмөк ашуусуна - 1;

Бекмолдо айыл өкмөтүнө - 1.

“Альянс Алтын” компаниясы жаратылышты сактоого жана жакшыртууга өз салымын кошуп келет. 

Эскерте кетсек, жакында эле Алтай жергесинен Талас облусуна маралдарды алып келип, кое беришкен. Алар бүгүнкү күнү жер шартына көнүп, мүйүздөрү чыгып калды. Андан тышкары компания Таластагы бир нече дарыя-сууларга форель балыгын кое берүүнү көздөп, изилдөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыктарын күтүп жатышканын билдиришти.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-ishkanasy-alyp-bergen-eko-urnalary-talas-oblusunda-ornotuldu



Добавить комментарий