"Альянс Алтын" ишканасы Алтайдан 35 маралды сатып алууга 2,5 миллион сом бөлүп берди

12 апреля 2022 13:36 1263 Barometr
Поделиться в:
ok

"Альянс Алтын" ишканасынын "Бакубат Талас" фонду Кыргызстанга алынып келе турган 35 маралды сатып алды.

Бул үчүн компания 2,5 миллион сом бөлүп берди. Маралдарды Алтайдан алып келишип, тоолуу өрөөндөргө эркин коё беришет.

Акыркы жылдары Кыргызстанда бул жаныбардын санынын кескин азайып кеткени байкалган. Сатып алуулар маралдын санын көбөйтүп берүүгө көмөкчү болот. 

"Альянс Алтын" ишканасы айлана-чөйрөнү коргоого байланышкан чараларга өзгөчө көңүл бурат жана маралдарды сатып алуу да компаниянын бул багыттагы иштеринин бири болуп саналат. 

Жогоруда аталган иш КР президентинин "2022-жылды тоолуу экосистеманы коргоо жана климаттык туруктуулукту камсыздоо жылы деп жарыялоо" буйругун аткаруу жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облусунундагы башкармалыгынын долбоорун колдоо максатында ишке ашырылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-ishkanasy-altajdan-35-maraldy-satyp-alganga-25-million-som-blp-berdi



Добавить комментарий