“Альянс Алтын” ички иштер министрлигине 19 жаңы унаа тапшырды
“Альянс Алтын” ишканасы Ички иштер министрлигине 19 жаңы унаа тапшырды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
“Альянс Алтын” компаниясы Ички иштер министрлигине акыркы үлгүдөгү Chevrolet Nexia автоунааларынын тапшырды.
Жабдууларды тапшыруу аземине «Альянс Алтын» ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед Бажаев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.
Ахмед Бажаевдин айтымында, компаниянын артыкчылыктуу багыттарынын бири өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Бул билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт, укук коргоо органдарына колдоо көрсөтүүнү камтыйт.
"Биз баарыбыз - мамлекет, калк жана бизнес - Кыргызстанда тынчтык жана тартип болушуна кызыкдарбыз. Бул көбүнесе укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык жактан канчалык деңгээлде камсыз болгонунан көз каранды", - деди Ахмед Бажаев.
Улан Ниязбеков «Альянс Алтын» компаниясына жана жеке Ахмед Бажаевге көрсөткөн материалдык-техникалык жардамдары үчүн ыраазычылык билдирип, ишкананын жетекчисине ыраазычылык катын тапшырды.
Жаңы унаалар ИИМ кызматкерлеринин мобилдүүлүгүн арттырып, кесиптик милдеттерин аткарууга жардам берет. Бардык автотранспорттор Жалал-Абад облусунун ИИБнын нөөмөт бөлүмдөрүнө -4, Чүй облусунун ИИБне-4, КР ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө-1 жана ОИИБге бөлүндү. Ысык-Көл облусунун ИИМне – 9.
Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-ichki-ishter-ministrligine-18-zhay-unaa-tapshyrdy
Добавить комментарий ×