“Алтынкен" ишканасынын жумушчулары митингге чыгып, ачкачылык жарыялашты

19 апреля 2019 13:52 1391 Barometr
Поделиться в:
ok

Талды-Булак Левобережный кенин иштетип жаткан "Алтынкен" компаниясынын жумушчулары митингге чыгышты, алардын айрымдары айлыкты жогорулатууну талап кылып ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу маалыматты Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинен тастыкташты. Жумушчулар экинчи күнү катары менен иштөөдөн баш тартууда.

Буга байланыштуу "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунда жыйын өттү.

Компаниядан маалымдашкандай, митингге чыккандар  жетекчиликке 31-майга чейин алардын пикиринде аз деп эсептелген айлыкты жогорулатуу маселесин карап чыгууга мөөнөт беришти.Кайсы жогорулатуу тууралуу сөз болуп жатканы белгисиз.

 "Кыргызалтын" берген маалыматка таянсак, Кыргызстандын жарандары болуп саналган жумушчулар митингге чыккан.

Эскерте кетсек, өткөн жылы да аталган ишкананын жумушчулары айлык акыны жогорулатууну талап кылып митинг өткөрүшкөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/altynken-ishkanasynyn-zhumushchulary-mitingge-chygyp-achkachylyk-zharyyalashty



Добавить комментарий