Алтынчы жолку "Музейлер түнү" Кыргызстан боюнча өтөт

17 мая 2019 09:00 4013 Barometr
Поделиться в:
ok

Ар жыл сайын болуучу бул акция быйыл алтынчы ирет өтөт. «Музейлер түнү-2019» Бишкекте оpen air форматында, Эмен паркында ачылышы болот. Оштогу расмий ачылышы 17-майда, саат 18:00дө Сулайман тоодогу Курманджан Датканын эстелигинин жанында өтөт.

Жалпысынан алганда, «Музейлер түнү» жети аймакта уюштуруларын уюштуруучу катары аты аталган OYOUM group чыгармачыл тобу жана КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 2018-жылы 6 сааттын ичинде эле иш-чарага 35 000 адам катышкан. Бул ирет демилгечилер келген адамдар 40 миң адамдан ашарын болжолдошууда.

Бул ирет аталган түн «Назик искусство» жана "Назик дүйнө" темасынын алдында өтөт. . Долбоордун алкагында көп кызыктар бар, мисалы, караңгыда көрөрмандар жарыкты көтөрүп алып, искусствону издөө менен лабиринтти аралайт. Театрларга катышышат. Ошондой эле таетралдык костьюмдар менен декор, спектаклдердин көргөзмөсү болот.

Ссылка: https://barometr.kg/altynchy-zholku-muzejler-tn-kyrgyzstan-boyuncha-tt



Добавить комментарий