Алтынай Нарбаева неберелүү болду. "Биздин үй-бүлөгө бир периште кошулду. Сүйүнүчүмө чек жок"
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Алтынай Нарбаева неберелүү болду. Бул тууралуу ырчы соцтармактан элге сүйүнчү айтты.
“Кутман таң замандаштарым! Биздин үй-бүлөнүн сүйүнүчүн куттуктаган ар бир инсанга чексиз рахматыбызды айтабыз.
Кудаларыбыз сиздерге миң алкыш, ушундай китептей кызыктуу, суудай тунук, таза, мээримдүү, назик, жүрөгүндө чооң сүйүүсү бар, дүйнөнүн сулуусу Айданамды тарбиялап, билим берип, мээрим төгүп, ак батаныздарды берип, чоңойткондоруңуздарга. Алма сабагынан алыс түшпөйт дейт, сиздер мыкты инсансыздар.
Чексиз шүгүр дейбиз. Неберелүү болушубуз менен. Темирлан , Айданам садага болоюндарым, биз үчүн чексиз сүйүнүч тартууладыңар. Бактылуу болгула. Ата-эне статусуна ээ болдуңар, биз ишенебиз, силер мыкты үй-бүлө болушуңарга! Себеби ортоңордо чоң сүйүү бар. Ошол сүйүүнүн жарыгы, жылуулугу баарыбызга тийип жылытып, коргоп турат!
Неберебизге, ден-соолук, өмүр, ыйман, ырыскы, бак дөөлөт берсин.
Акматовдордун үй-бүлөсүнө бир периште жарык дүйнөгө келди деп, уктабай таң атырдык”, - деди Нарбаева.
Эскерте кетсек, Алтынай Нарбаеванын уулу Темирлан менен келини Айдана 2019-жылы баш кошушкан.
Добавить комментарий ×