Алтынай Нарбаева: “Биринчи жолу тойго чыгып, тердеп-кургап, сүрдөдүм”

13 августа 2020 10:12 1316 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтына Нарбаева узакка созулган пандемиядан кийин тойго чыгып, сүрдөгөнүн айтты. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип «Барометр” билдирет.

Анда ырчы айым алты айлык тыныгуудан кийин эл алдына чыгып ырдаганда сүрдөп, андагы жакшылык ээлеринин маанайын көрүп кубанганын айтат.

«Бүгүн биринчи жолу тойго бардым. Бир сүрдөйм десеңиздер. Тердеп, кургап, жатыркап калыптырмын. Той ээлеринин мага болгон жактыруусу бийик экен. Күткөн, баалаган инсандар, мени кубантты. Ырдасам, чыгып бийлешип, келип сүрөткө да түшуп үлгүрдүк. Жакшылыктар эле болсунчу деп, ичимден кымыңдап, бир сүйүнөм. Бүгүн маанайы көтөрүңкү адамдарды көрүп, жаркыраган маанай, сүйүнгөн көздөр, толкунданып, ишенип-ишенбей, кийип жүргөн костюмум, туфлим деле ыңгайсыз болуп, колум деле ордун таппай,өтө башкача сезим болуп, жүрөгүмдө майрам болду. Жакшылык эле болсунчу, оорубайлы, кыйналбайлы, жардам сурабай, жардам бергендерден бололу. Баарын Алла берет, ак тилек кылып, Алла Тааламдан сурайлы. Мен бүгүн башкача, өзгөчөмүн, көңүлүм жапжарык», - деп жазган Нарбаева.

Ссылка: https://barometr.kg/altynaj-narbaeva-birinchi-zholu-tojgo-chygyp-terdep-kurgap-srddm



Добавить комментарий