"Жеңишке жетүү оңой болгон жок". Айсулуу Тыныбекова Украинадан жеңген алтын медалы тууралуу айтып берди

28 февраля 2021 22:54 3884 Barometr
Поделиться в:
ok


Айсулуу Тыныбекова Киев шаарында болгон спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын атактуу балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеште алтын медалга жетүү оор болгонун айтты. Бул тууралуу балбан кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

"Бүгүн Киевде өткөн эл аралык мелдеш аяктады. Бул мелдеш өлкөм үчүн дагы бир алтын медалды алып келди!

Алтын медалга жетиш үчүн чыдамкайлыкты жана тырышчаактыкты дагы бир ирээт текшерип алдым окшойт. Беттештин динамикасы улам сайын өзгөрүп, жеке өзүм, башкы машыктыруучум жана албетте, күйөрмандарым үчүн оңойго турган жок. Абдан көп адреналин ала алдык! 

Мени колдоп, мага ишенген адамдарга терең ыраазычылык билдирем!", - деп жазды балбан кыз.
Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова финалда украиналык балбан кыз Илона Прокопевнюк менен кез келип, мелдештин биринчи бөлүгүндө атаандашына далысы килемге басылып жеңилип кала жаздап туруп кеткен. Мелдештин экинчи бөлүгүндө балбан кыз 4 упай жасап, 9:7 эсебинде жеңишке жетишти.


Ссылка: https://barometr.kg/altyn-medalga-zhet-ooj-bolgon-zhok-ajsuluu-tynybekova-ukrainadagy-meldeshtegi-zheishi-tuuraluu-ajtyp-berdi



Добавить комментарий