Алтын экспорттоо жыл башынан бери 2,7 эсеге азайды
2021-жылдын башынан бери Кыргызстандын алтындын экспорту 2,7 эсеге азайды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Эсеп боюнча январь-июль айларында жалпы экспорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү 973,5 миллион доллар болду. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 16,5 пайызга аз.
Экспорттун азайызы алтындын экспортунун 2,7 эсеге, жабдуулар менен механикалык түзүлүштөрдүн 26,7 пайызга, кен жана баалуу металлдардын экспортунун 22,7 пайызга, жемиштер менен жаңгактардын 15,7 пайызга, желим жана андан жасалган буюмдардын 2,8 азайышынан улам келип чыкты.
Эскерте кетсек, буга чейин Лондондун баалуу металлдар базарынын катышуучулары ассоциациясы (LBMA) «Кыргызалтын» ачык акционердик коомун Ата мекендик камсыздоо программасынын талаптарын сактабаганы үчүн туруктуу жеткирүүчүлөрдүн (Good Delivery List) тизмесинен убактылуу чыгарган.
Ссылка: https://barometr.kg/altyn-eksporttoo-zhyl-bashynan-beri-27-esege-azajdy
Добавить комментарий ×