Алты жашар кыз үй-бүлөсүн өрттөн сактап калды
Америка Кошмо штаттарында алты жашар кыз үйдө чыккан өрттөн ата-энесин жана инисин куткарып калды. Бул тууралуу USA Today басылмасы жазды.
Ага ылайык, окуя 18-январдын түнүндө болгон. Нью-Жерси штатында жашаган алты жашар мадалин Карлбон түнкү саат экилерде тамагы кычышып, көзү сайгалышкандан улам ойгон. Ал үйдүн ичин түтүн каптаганын көрүп, апасын ойготконго аракет кылган. Бирок апасы турбай койгон. Андыктан ал экинчи кабатта уктап жаткан атасын ойготкон. Ал алты жашар кызын жана эки жашар баласын дароо сыртка алып чыгып, андан кийин аялын көтөрүп чыккан. Үй-бүлө мүчөлөрү убагында сыртка чыккандыктан эч ким жабыркаган эмес.
Окуя болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр өрт ашканадагы плитадан чыкканын аныкташкан. Тилсиз жоодон улам үйдү оңдоого мүмкүн эмес, себеби дубалдары менен түркүктөрүнүн көбү күйүп кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/alty-zhashar-kyz-j-blsn-rttn-saktap-kaldy
Добавить комментарий ×