Урмат Барктабасов: "Альпакадан, эң кымбат кийим тигилет жана токулат"
Ишкер Урмат Барыктабасов Кыргызстанда жибек фабрикасын ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык тармактан жазды
"Биздин өлкөнүн айыл чарба тармагында эмгектенип, иши натыйжалуу болбой, улам бир нерсени айдап, өстүрүп сата албай эстери ооп жаткан кези дыйкандардын. Арзан картошка же буурчак айдайт, баягы эле кой же саны бар, эптеген сүтү бар, арык үй багымыш болуп жатышат. Кылымдап эле кетип баратабыз. Кой деген киши жок. Өкмөт деле багыт бере албады. Менде бир сунуш бар. Перу мамлекетинде альпака деген жаныбар бар. Анын жүнү эң кымбат турат. Бакканга биздин шарт эң ыңгайлуу. Өпкөсу атайын тоолуу жерге ылайык. Айыл чарбадагы, Өкмөттөгү кызматкерлер ушуга көңүл бурса, алып келип элге берсе, сонун бир багыт болмок. Өтпөгөн картошка айдата бербей. Мал баксак да асылдан баксак, жемиштүү болот эле иштин жыйынтыгы. Эл да ток жүрөт эле, кымбат кашемир кездеме чыгарган өлкөгө да айланат элек. Көп мамлекеттер тоолуу эмес. Альпакадан, эң кымбат кийим тигилет жана токулат.
P.S. Тендердин акчасын эле санап отурушат. Фэйсбукта анан инстаграммда жылдыз болуп ( мамкызматкерлер). Өзбекистанда жибек программасы иштелип чыкты, атайын ишкана ачып, "Өзбек жибеги" деп иштеп баштады. Бизде да "Альпака жана Кыргыз жибек" деп долбоор түзүп иштеп баштоо керек. ЮСАИД, Жайка менен биргелешип да иштеп баштаса болот. Бул эки багыттын келечеги бар. Бара-бара жибек менен альпака өтө керектүү болот. Өкмөт келишим түзүп алып келип, элге таратып бериш керек. Кездеме менен жибин токуй турчу ишканасын куруп койсо, эл ошол жерге алып келет. Өздөрү да керектейт", - деп жазды.
Ссылка: https://barometr.kg/alpakadan-e-kymbat-kijim-tigilet-zhana-tokulat
Добавить комментарий ×