Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын БУУдагы өкүлү болуп дайындалды

2 июня 2021 13:33 1588 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Мурдагы билим берүү министири Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Женева шаарындагы эл аралык уюмдардын БУУдагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

40 жаштагы Бейшеналиев 2017-2018-жылдары билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган.

Ошондой эле, ал 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген.

Эске сала кетсек, 2016-жылдан бери Кыргызстандын БУУдагы Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы өкүлү Данияр Мукашев болчу.

Президенттин жарлыгы менен Данияр Мукашев Щвейцариядагы, Лихтенштейндеги, Сан-Маринодогу элчи кызматынан жана Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/almazbek-bejshenaliev-kyrgyzstandyn-buudagy-kl-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий