Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамы Конститутциялык палатада каралат
23-октябрда Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунунун Баш мыйзамга ылайыктуулугун карайт. Бул тууралуу мурдагы президенттин жактоочусу маалымдады.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан.
Эл ѳкүлдѳрүнүн мындай чечимин Алмазбек Атамбаев тааныган эмес. Ошол себептен Конституциялык палатага кайрылган.
Алмазбек Атамбаев Конституциялык палата бул маселени карамайынча өзүн тергөөгө күбө катары чакырууну мыйзамсыз деп эсептеп, ага баруудан баш тарткан.
Азыркы учурда Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагына камагында. Аны нече оор кылмышка байланыштуу шектүү катары кармоодо. Алардын бири кримтөбөл Азиз Батукаевди качыруу боюнча сот жараяны башталды. Бирок Атамбаев сотко катышуудан баш тартууда.
Ссылка: https://barometr.kg/almazbek-atambaevdin-eks-prezident-makamy-konstitutciyalyk-palatada-karalat
Добавить комментарий ×