Атамбаев: Мени канча камасаңар мейли, чыдайм. Тарапташтарымды бошоткула

13 ноября 2019 11:39 5036 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Өлкѳнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 7-8-августта Кой-Таштагы окуя боюнча кармалгандарды бошотууну талап кылды. Бул тууралуу Атамбаевдин 13-ноябрда facebook аркылуу тараткан билдирүүсүндө айтылат.

«Эгерде кандайдыр суроолор болсо, аларды мага беришсин. Мага канча абак мөөнөтүн беришпесин, бул бийликтин тушунда мен баарына даярмын. Бирок 7-8-августтагы окуялардын шылтоосу менен камалгандардын баары бошотулууга тийиш. Алардын болгон күнөөсү – акыйкатка, мыйзамдарга, өлкө Конституциясына ишенгени… Камалгандардын дарегине айтылып жаткан бул күнөөлөр – ойго келбеген сандырактык жана бул адамдардын өзүлөрү шек саналып жаткан нерсеге эч кандай тиешеси жок».

Алмазбек Атамбаев өзүнүн кармалышын жана Кой-Таштагы үйүндө ок атылганын мыйзамсыз деп сыпаттаган. Ал мамлекетти башкарып турганда таза иштегенин, айрым досторуна жана жардамчыларына, күч түзүмдөрүнө абдан ишенгенин кайталаган.

Ссылка: https://barometr.kg/almazbek-atambaev-koj-tash-okuyasy-boyuncha-karmalgandardy-boshtuu-tuuraluu-bildir-taratty



Добавить комментарий