Алмазбек Атамбаев 24-ноябрда боло турчу Курултайга барбай тургандыгын айтты

20 ноября 2018 19:00 856 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Алмазбек Атамбаев 24-ноябрда боло турчу Курултайга барбай тургандыгын маалымдады. Бул тууралуу СДПКнын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. 

"Урматтуу достор! Мага Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин атынан 24-ноябрда өтүүчү Курултайга чакыруу берилди. Алдын ала суроолоруңуздарга жооп берейин: Алмазбек Шаршенович бул - ал бара турган жердеги чогулуш эмес деп эсептейт. Көрүнүп тургандай уюштуруучулардын арасында жогорку жакта турган өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлогондор бар экендиги белгилүү. Мындан кийин биз бул суроолорго кайрылбайбыз"-деп жазган.

ММКлар маалымдагандай 24-ноябрда граждандык коомдун жана саясий күчтөрдүн уюштуруусунда республикалык Курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердиги, Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кенештин иштери бааланат.

Курултайга  "Аалам", "Ата Журт", "Замандаш", "Ата Мекен", "Кыргызстан", "Мекенчил" жана "Таза коом" партиялары катышат. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков дагы чакырылган. 

Ссылка: https://barometr.kg/almazbek-atambaev-24-noyabrda-bolo-turchu-kurultajga-barbaj-turgandygyn-ajtty



Добавить комментарий