Алмаз Бакетаев: Мэрия координациялык кеңештин жана өзүн мэр жарыялап алгандардын көзөмөлүндө деген жалган

8 октября 2020 10:19 631 Barometr
Поделиться в:
ok

Расмий түрдө Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев дайындалган. Ал борбор калаадагы абал көзөмөлдө экенин айтып, мэриянын кызматкерлери кыштын камын көрүп жатканын айтты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Алгач эле, Бакетаев вице-мэрлер, убактылуу аппарат жетекчиси жана райондук акимиаттардын өкүлдөрү менен чукул жыйын өткөрдү.

“Шаардын үзгүлтүксүз жашоосун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын андан аркы алгоритми талкууланды.

Бакетаев белгилегендей, бардык экономикалык, отун-энергетикалык, өзгөчө кырдаалдар кызматтары кадимки режимде иштеп жатышат, пландалган иштер графикке ылайык жүрүп жатат.

Шаарды жылытуу мезгилине кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Бишкек шаарынын тургундарынын үйлөрүнө ысык суу жана жылуулукту эки уюм берет: Улуттук энергетикалык холдингдин туунду ишканасы - "Бишкекжылуулук" ААК жана мэриянын түзүмдүк бөлүмү - "Бишкектепоэнерго" коммуналдык ишканасы. Алардын бардыгы жылуулукту каалаган учурда берүүгө даяр.

Эске салсак, салттуу түрдө, ченемдерге ылайык, жылытуу мезгилинин башталышы 5 күн катары менен абанын орточо күндүк температурасында +8°  болгондон кийин жылуулук бериле баштайт.

Мэрдин милдетин аткаруучу мэрия айрым топтордун, координациялык кеңештин жана өзүн мэр деп жарыялаган адамдардын көзөмөлүндө деген маалыматты четке какты. Бардыгы мыйзамдын чегинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык болушу керек.

Ссылка: https://barometr.kg/almaz-baketaev-meriya-koordinaciyalyk-keeshtin-zhana-zn-mer-dep-zharyyalagan-adamdardyn-kzmlnd-degen-maalymat-zhalgan



Добавить комментарий