Алматыда тик учак кулады. Учкуч окуя болгон жерден каза болду

18 января 2019 09:20 1682 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

17-январда Алматыда жеке менчик тик учак кулап түштү. Бул тууралуу Орто Азия маалымат кызматы жазды. 

Маалыматта берилгендей, Sky Service  авиакомпаниясына тиешелүү Eurocopter-130 маркасындагы тик учак Боралдайдан Алматы көлүн көздөй багыт алган. Түшкү саат 16:00 чамасында Алатау пансионатынын жанындагы ачык жерге өрттөнбөстөн кулап түшкөн. 

Тик учактын ичинде учкуч Валентин Шитов ооруканага бара жатып каза болгон. Андан башка тик учактын ичинде эч ким болгон эмес.

Бул окуя тууралуу иликтөөлөр башталды. 

Ссылка: https://barometr.kg/almatyda-tik-uchak-kulady-uchkuch-okuya-bolgon-zherden-kaza-boldu



Добавить комментарий