Алматыда куруучулардын мушташы адам өлтүрүү менен аяктады
Алматыдагы турак жай комплекстеринин биринде мас куруучу кесиптешине бир нече жолу бычак менен сайган. Мушташтын натыйжасында эркек киши көз жумган. Бул тууралуу Tengrinews.kz. айтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Алматы полиция башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя 2021-жылдын 5-июнунда саат 20:20 чамасында болгонун билдирди.
"Медеу районунун ички иштер бөлүмүнө Кульджинскийде турак үйдүн батирлеринин биринде жалданган жумушчулардын мушташынын натыйжасында эркек киши эсин жоготту деген билдирүү келип түшкөн.
Милиция кызматкерлери тарабынан 1984-жылы туулган жаран өзүнүн өнөктөшү Вася менен биргеликте жогорудагы даректе курулуш иштерин жүргүзүп жүргөндүгү аныкталды.
Эркектер ошол күнү спирт ичимдиктерин ичишкен. Ичкилик ичип отурганда, алардын ортосунда жаңжал чыгып, мушташка айланган. Мушташ учурунда жабыркаган жаран, өнөктөшүнө бир нече жолу жаракат келтирген. Анын өздүгү такталууда ", - деп билдирди Медеу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Даурен Утебаев.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгиленди. Кылмыш кодексинин 99-беренеси "Адам өлтүрүү" боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/almatyda-kuruuchulardyn-mushtashy-adam-ltr-menen-ayaktady
Добавить комментарий ×