Алматыда белгилүү блогер көчөдө өтүп бара жаткандардын кредитин төлөп берди

14 мая 2021 12:16 1471 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok


Алматылык блогер Нурбек Нуртаз кайрымдуулук акциясын уюштурду. Ал Алматыдан өтүп бара жаткан адамдарга кайрылып, алардын насыяларын төлөп берди. Бул тууралуу блогердин соцтармактагы баракчасына шилтеме кылып “Барометр” билдирет.

Блогердин туш келди өтүп бара жаткан адамдарга насыя төлөп жаткан видеосу Instagram социалдык тармагында миңдеген көрүүлөргө ээ болгон. Нурбектин аудиториясы айткандай, видеону көз жашсыз көрүү мүмкүн эмес. Себеби, экрандын жардамы менен дагы бактылуу адамдардын кубанычын сез  үүгө болот.

Нурбек Нуртаз айткандай, башка адамдардын насыяларын төлөө идеясы келип, дароо эле иш жүзүнө ашкан. Муну ыйык Рамазан айында жасоо эки эсе жагымдуу болгонун белгилеген блогер.

Айтмакчы, Казакстандык блогер кайрымдуулукка бир миллион теңгеден бир аз ашыкча каражат сарптаган. Ошол күнү 10 чакты адамга материалдык жардам көрсөтүлгөн.

"Бизде кайрымдуулукка жумшоочу бюджет бар болчу. Ошол күнү биз бир миллион тенгеден бир аз көбүрөөк каражат короттук. Мүмкүн болушунча көп адамдарга жардам берүү үчүн алдын-ала эсептеп көрдүк. Видео тартып жатканда жаштарды тарткан жокпуз. Кадрдагы кароолчу бизди тааныптыр. Анын аялы мага жазылган экен. Анын 463 миң теңгеге насыясы бар болчу, биз алардын 300 миңин жаптык. Видеонун аягындагы эжеге мезгил-мезгили менен атайын барып турчубуз, насыянысын төлөдүк ", - деп жазат Нурбек Нуртаз.

Ссылка: https://barometr.kg/almatyda-belgil-bloger-kchd-tp-bara-zhatkandardyn-kreditin-tlp-berdi



Добавить комментарий