Алматы-Бишкек трассасында жол кырсыгы катталып 9 киши көз жумду
Поделиться в:
Алматы-Бишкек трассасынын 109 километринде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу nur.kz булагы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-майда болгон кырсыктын кесепетинен 9 адам көз жумган, алардын үчөө аял. Каза болгондор Алматы, Шымкент, Туркестан жана Алматы облустарынын тургундары.
Алдын ала айтылган билдирүүлөргө караганда Lada авто унаасынын айдоочусу башкарууну жоготуп каршы тилкеге чыгып башка 2 унаа менен кагышып кеткен.
Учура жол кырсыгынын себептерин изилдөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/almaty-bishkek-trassasynda-zhol-kyrsygy-kattalyp-9-kishi-kz-zhumdu
Добавить комментарий ×