Алматанын аэропортунда ар кимге тийишкен кыргызстандык таксист камакка алынды

13 марта 2019 15:51 2285 Barometr
Поделиться в:
ok

Алматанын аэропортунда ар кимге тийишкен кыргызстандык таксист камакка алынды. Бул тууралуу КазТАГ коңшу өлкөнүн транспорт полициясы департаментине шилтеме кылуу менен кабарлады.

 “Алмата шаарынын аэропортунда Кыргыз Республикасынын 40 жаштагы жараны кармалды жана ага карата Казакстандын Административдик кодексинин 449-беренесинин 3-бөлүгү (коомдук жайда ар кимге тийишүү) боюнча административдик проткол түзүлдү. Алмата административдик райондор аралык сотунун токтому менен мыйзам бузуучу беш суткага камакка алынып андан соң Казакстандын чегинен чыгарылат”,-деп кабарлашты аталган департаменттен.

Кыргызстандын жараны коомдук жайдын биринчи кабатында жүргүнчүлөргө тийишкен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/almatanyn-aeroportunda-ar-kimge-tijishken-kyrgyzstandyk-taksist-kamakka-alyndy



Добавить комментарий