Алмасбек Абытов Жогорку Кеңешке жаңы кызматка барды

4 сентябрь 2019 11:28 3234 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөттүн аппаратынын башчысынын биринчи орун басары Алмасбек Абытов Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү отурумунда төрага Дастанбек Жумабеков билдирди.

Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында депутаты болгон. Буга чейин Улуттук Илимдер Академиясында инженер кызматында, Жогорку Кеңештин аппаратынын бир катар бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарда иштеген.

 Өкмөттүн Парламенттеги мурдагы өкүлү Ашырбек Темирбаев 16-июлда каза болгон.



Ссылка: https://barometr.kg/almasbek-abytov-zhogorku-keeshke-zhay-kyzmatka-bardy



Добавить комментарий