Алмамбет Шыкмаматов: Саясий куугундук жагынан Атамбаев алдына эч кимди чыгарган эмес

19 марта 2019 09:23 1585 Barometr
Поделиться в:
ok

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмамтов экс-президенттин Аксы окуясын эскерүү митингинде айткан сөздөрүнө комментарий берди.

“Атамбаев кечээ күнү шымына жаба булгап алган колун аябайт болуп, адатынча атырылып парламентти, президентти, айтор баарын катуу сынга алды. Мамлекетке керек болсо булүк салаарын, керек болсо провокация уюштуруп массалык бир тополоң баштарын дагы кыйыр түрдө айтып кетти.Түндүк-түштүк маселеси болуп жаткандыгын дагы кыйытты. Бул айткандарынын баардыгы Атамбаевдин азыркы бийликке оппозиция эмес, азыркы бийликке ич күйдүлүк, кек, өч алуу, жеке ыза деңгээлиндеги гана сөздөр. Атамбаевдин эң биринчи максаты бул азыркы аракеттеги президенттен өч алуу жана өч алуу процессинде баардык ыкманы колдонуу. Бул элди бөлүп жаруу, бул башаламандыктарды уюштуруудан баш тарпоо, бул ар кандай провокацияга чейин баруу. Аны ачык эле кыйыр түрүндө түшүндүрүп айтты. Мисалы, “милициялар президентти колдоп өз элин атпайт”, “кечирип койгула мен бул президентти алып келгениме”, “мен ал катамды оңдойм” дегени, баардык сөздүн төркүнү барып ошол иштерге такалат. 

Эми айтканы боюнча токтолсом, Атамбаев жети жыл мамлекеттик бийликтин эң жогорку тепкичинде  президенттик кызматында турганда кландык башкарууну апогейине жеткирген. Жан сакчыларын, журналисттерин, шоопурун алып келип күч органдарын башкартып, сот системасын башкартып, мамлекеттеги баардык таасирдүү кадрдык саясатты ошол шоопуруна башкарткан. Атамбаевдин убагында коррупция апогейине чыккан. Музей, ипподром, шаардын тегерегинде болуп жаткан жер участоктору менен махинациялар, ушунун баардыгы Атамбаевдин айланасындагы адамдар тарабынан жасалган.  Саясий куугундук боюнча Атамбаев алдына эч кимди чыгарган эмес. Бул боюнча да Атамбаев биринчи тизмеде турат. Атамбаевдин убагында жыйырмага жакын адам саясий себеп менен кесилип кеткен. Бул алар кылмыш кылган үчүн эмес, Атамбаевди сындап койгон үчүн, ага кайчы пикир айткан үчүн, анын тегерегиндегилер ууру кылап жактанын токтот деп айткандыгы үчүн, кадр саясатындагы ашмалтайы үчүн, шоопурун алып келип мамлекетти башкартып койгону үчүн, жан сакчыларды күч органдарына алып келип жетекчи кылып, билими жок адамдарды генерал кылгандыгы үчүн сындаган адамдарды алып барып ар кандай шылтоо менен коррупция шытоосу менен мамлекеттик чыккынчылык шылтоосу менен жасалма иштер менен каматкан”,-деп билдирди Шыкмаматов.

Ссылка: https://barometr.kg/almambet-shykmamatov-sayasij-kuugunduk-zhagynan-atambaev-aldyna-ech-kimdi-chygargan-emes



Добавить комментарий