Алмамбет Шыкмаматов: Мыйзам адилетсиз болсо иштебеген светофордой болот
Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов аталган фракциянын депутаттары демилгелеген бир топ мыйзам долбоору тууралуу маалымат берди.
“Күчтүү мамлекет, күчтүү экономика, адилеттүү коом, бакубат жашоо ар бирибиздин тилегибиз. Бул максаттарга алып баруучу жол - адилетүү, туруктуу мыйзамдар жана алардын кынтыксыз аткарылышы. Башка жолду адамзат таба элек. Мыйзам адилетсиз, же максатсыз болсо, жык-жыйма кесилиштеги иштебеген светофор сымал чар жайыт, баш аламандыкты жаратат. “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары бир топ мыйзам долбоорунун авторлору болушту. Алардын айрымдарын атагым келди", - деп жазды Шыкмаматов.
Депутат тилеке каршы кээ бири добуш жетпей өтпөй калганын да белгиледи.
" 1. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. Ага ылайык депуттардардын тизмесин партиянын жетекчилери эмес, шайлоочулар тизмедеги адамдарга тикелей добуш берүү аркылуу аныктайт. Бул эреже преференциалдуу шайлоо тартиби деп аталат. Мындай эреже дүйнөлүк практикада парламентке сапатуу депутаттардын келишин камсыз кылат (долбоор парламентте колдоо таба элек).
2. Россиянын жарандыгы алган кыргыз жарандарына кыргызстанда жер участокторун сатып алуу укугун берүү жөнүндө долбоор (биринчи окуудан өттү).
3. Жаңы конуштардагы мыйзамдаштырыла элек үйлөрдү легализациялоо жөнүндө долбоор (комитеттин кароосунда).
4. Гемодиализ кызматын салыктан бошотуу аркылуу арзандатуу жөнүндө долбор (палатанын талкуусунда).
5. Сейрек кездешүүчү жаныбарларга мергенчилик кылууга 5 жылга мараторий киргизүү жөнүндө долбоор (өткөн жок).
6. Мөңгүлөрдү талкалоого тыю салуу жөнүндө долбоор (өткөн жок).
7. Жашы 18ге толо элек балдардын никесин кыюга тыю салган долбоор (мыйзам кабыл алынды).
8. Кыргыз Республикасынын Омбудсмени жөнүндө мыйзам долбоор (экинчи окууда).
9. Кыргызстанда уран кенин казууга, чалгындоого тыю салуу жөнүндө долбоор (биринчи окууда өттү)”,-деп билдирди депутат.
Ссылка: https://barometr.kg/almambet-shykmamatov-myjzam-adiletsiz-bolso-ishtebegen-svetofordoj-bolot
Добавить комментарий ×