“Аллах” деп аталган кыска юбка чатакка себеп болду

25 май 2019 09:00 1782 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көз карандысыз сатуучулар өздөрүнүн жеке белгилери менен кийимдерди саткан Redbubble деп аталган онлайн-платформа “Аллах” деп аталган кыска юбка саткандыгы үчүн сынга кабылды.

kratko-news.com маалымат булагы жазган маалыматка таянсак, алардын биринде «Аллахка шүгүр», экинчисинде «Алахсыз мен эч киммин» деген сөздөр жазылган. Кийимдер сайтта 25-28 фунттан сатылган.

Платформанын коноктору бул чырлуу буюмду көрүшкөндө чуу түшүп калышкан. «Муну кимиңер көрдүңөр? Аллахтын аты менен кыска юбка! Бул абдан капалантат экен жана бул силер тараптан болгон акылсыздык», – деп жазган алардын бири Twitter  аркылуу Redbubble платформасынын билдирүүсүнө жооп кылып.

Redbubble өкүлдөрү бул ыңгайсыздык жараткан буюмга көңүл бургандыгы үчүн рахмат айтуу менен аны сайттан өчүрүүгө аргасыз болушкан. Январь айында  Air Max брендинин моделдери Nike спорттук кийими аркылуу мусулмандардын диний ишенимине шек келтиришкен. Сайка Норин аттуу активист кроссовканын таманына чапталган логотип арап тилинде Аллах деген жазууну камтыгандыгын айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/allah-dep-atalgan-kyska-yubka-chatakka-sebep-boldu



Добавить комментарий