Alibaba компаниясынын ээси Жек Ма Азиядагы эң бай адам атыкты

10 март 2020 11:42 1068 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Интернет-соода жаатындагы эң ири компанияны Alibaba’ны негиздеген Жек Ма Азиядагы эң бай адам атыкты. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.

Ага ылайык, 55 жаштагы бизнесмендин байлыгы 44,5 миллиард доллар деп бааланууда. Ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 18-орунда турат. Ал эми 19-орунда Индиядагы Reliance Industries холдингинин ээси Мукеша Амбани турат. Ал нефтинин баасы арзандаганга чейин Азиядагы эң бай адамдардын сап башында болчу. Ал бир суткада эжле 5,8 миллиард долларынын айрылып, учурда анын байлыгы 41,8 миллиард долларды түзөт.

Эксперттердин баамында Ма кескин чыгымга учуруган эмес, ал болгону 1 миллиард доллар жоготкон.

Alibaba компаниясы 1999-жылы түзүлгөн.Учурда электрондук соода жаатында дүйнөдөгү ири компаниялардын катарына кирет. Жек Ма компаниядашы кызматын 2019-жылы 10-сентябрда корплорациянын 20 жылдыгында тапшырган.

Ссылка: https://barometr.kg/alibaba-kompaniyasynyn-eesi-zhek-ma-aziyadagy-e-baj-adam-atykty



Добавить комментарий