Александр Лукашенко башка мамлекеттердин президенттерин коронавируска карабай парадга чакырды
Поделиться в:
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Минск шаарында Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата өтө турчу парадга чет элдик кесиптештерин чакырды.
“Бардык мамлекеттердин башчыларын парадга келүүгө чакырам. Жок дегенде мурдагы Советтер Союзундагы мамлекет башчылар келсин”, — деди Лукашенко.
Ал Белорусияда чогулуу максатка ылайык болмок. Себеби, согуш учурунда жер бетинен “жоголгон” мамлекет бардыгына “согуш жөнүндө жандуу эстелик” экенин эске салды.
Белорусиянын президенти Улуу жеңиштин 75 жылдыгы дүйнөнү каптаган коронавирус илдетине карабастан өтө турганын буга чейин да билдирген. Кийин парадга ардагерлер катышпай турганын, анткен менен алар көңүл сыртында калбайт деп сөз берген.
Добавить комментарий ×