Лукашенко: АКШ бизди Россияга каршы чыгаргысы келип жатат
Поделиться в:
Беларусиянын президенти Александр Лукашенко өз өлкөсүндөгү болуп жаткан башаламандыкка АКШны айыптоодо. Бул тууралуу Белта маалымат агенттигине шилтеме берип «Барометр» которду.
Маалыматта, батыш өзүнө Беларусияны тартып, Украинанын тагдырындай Россияга каршы чыгаргысы келип жаткандыгы жөнүндө айтылат.
«Булардын баарын кылган тышкы күчтөр. Ал эми аларга алданган ички күчтөрдү Варшава башкарып жатат. Жада калса АКШда атайын центр ачылды. Биз билебиз алардын эмне менен алек болуп жатканын. Беларусияны талкалатып, башаламандык жаратууга жол бербейбиз», -деди президент Лукашенко
Добавить комментарий ×