Александр Крестинин: Күчтүү команда менен татыктуу деңгээлде ойнодук
Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы өз үйүндө Япония командасына 2:0 эсебинде утулду.
11 метрлик айып тобунан (пенальти) Такуми Минамино (41-мүнөт) жана Генки Харагучи (53-мүнөт) стандарттык абалдан киргизген эки гол беттештин тагдырын чечип койду.
Курамалар 2022-Дүйнө чемпионаты жана 2023-Азия Кубогу мелдешине тандоо турунун алкагында кездешти.
Бул Кыргызстан – Япония расмий оюндагы алгачкы беттеши болду.
Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин беттештин жыйынтыгы боюнча комментарий берип, оюндун сапаты менен жыйынтык төп келишпейт деп сыпаттады.
“Гол киргизе турган учурлар болду. Атаандашка караганда биз көбүрөөк кооптуу абал түзө алдык. Япония ыңгайлуу учурларды пайдаланып гол киргизип кетти. Ал эми биз киргизе албадык. Футболчуларыбыз ишенимдүү ойношту. Атаандаштын мыкты экенин билсе да балдар коркуп-сүрдөшпөй, оюнун жоготушпады.
2015-жылы Австрали менен болгон оюнда футболчуларыбыздын тажрыйбасы аз болчу. Бүгүн оюнчуларыбыз Ази Кубогундагы оюндардан тажрыйба алганыбызды, деңгээлибизди көрсөтө алышты. Улуттук курамабыз күчтүү атаандаш менен жогорку деңгээлде ойношо алды. Жыл өткөн сайын бизде алдыга жылуу болуп жатат”, - деди Крестинин.
Өз кезегинде Япония курамасынын башкы машыктыруучусу Ходзиме Мориясу оюн талаасынын абалынан улам оюнчулары көп катачылыкка жол бергенин билдирет.
“Деген менен биздин команда мыкты оюн көрсөттү. Оюндун жүрүшүн көзөмөлдөй алдык. Атаандаш бири-бирине топ өткөрүп берүүлөрдү жакшы жүргүзүштү. Техникалык даярдыктары мыкты футболчулар бар экен. Аз жерден бизге гол киргизип коё жаздашты. Биз муну эске алып, жооптук беттеште даярданабыз", деди Ходзиме Мориясу.
Эске сала кетсек Кыргызстан курамасы бул тандоо турунун алкагында Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен бир тайпада күч сынашууда.
Бешинчи турдун жыйынтыгы боюнча 12 упай топтогон Япония тайпада алдыда. 6 упай менен Кыргызстан курамасы экинчи катарда. Тажикстан үчүнчүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/aleksandr-krestinin-kcht-komanda-menen-tatyktuu-degeelde-ojnoduk
Добавить комментарий ×