Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Ал кримчөйрөдөгү "Положенец" деген аты белгилүү кылмышкердин тууганы болуп чыкты

17 декабрь 2018 13:23 1337 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ири көлөмдөгү зыянга учураткан алдамчылык фактысы боюнча шектелген жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. 

Кармалган жаран  кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ал криминалдык чөйрөдө жакында эле кармалган "Положенец" деген макамы менен белгилүү болгон кылмышкердин тууганы болуп чыккан. 

"2018-жылы күзүндө укук коргоо органдарына Бишкек шаарынын тургунунан арыз келип түшүп, анда алдоо, коркутуу жолу менен жабырлануучунун ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, анын 350 000 АКШ доллары турган Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 6280,0 кв. метрлик кыймылсыз мүлкүн (пансионатын) ээлеп алган С.М. аттууга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.Текшерүү жүргүзүүдө белгилүү болгондой, мурда жабырлануучу менен С.М. аттуунун ортосунда бизнести чогуу иштетүүгө байланышкан макулдашуу түзүшкөндүгү аныкталган. 2010-жылы жазында арыздануучу  С.М. аттуудан бизнести жүгүртүү үчүн 60 000 АКШ долларынан ашык акча каражатына бааланган бир нече автоунаа менен акча каражатын алган. Эки жылдан кийин С.М. акча каражатын талап кыла баштагандыгына байланыштуу ишкер күрөөгө коюлган Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан пансионатынын башкы күбөлүгүн берген. Аныкталгандай,  С.М. аттуу жаран жеке пайда табуу кызыкчылыгын көздөп, жогорудагы кыймылсыз мүлктү жакын тууганына каттатып койгон. 2016-жылы ишкер өзүнүн карызын жабуу максатында баасы 
125 АКШ доллары турган жалпы аянты 168,0 кв.м. түзгөн батирин ага берген. Бирок, шектүү ишкерди адаштырып, алдамчылык иш-аракетин жасап ири көлөмдөгү зыянга дуушар кылган. Карызын алган соң-батирди башкага сатып,  ал эми 2018-жылы ишкердин макулдугу жок кыймылсыз мүлктү (Ысык-Көл облусунун аймагындагы пансионатты) үчүнчү жакка сатып 
жиберген. Ал өзүнүн иш-аракети менен ишкерди 350. 000 АКШ долларлык зыянга учураткан"-деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда криминалдык милиция УКМК  менен биргеликте кармалган жарандын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгын аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.


Ссылка: https://barometr.kg/aldamchylykka-shektelgen-zharan-karmaldy-al-krimchjrdg-polozhenec-degen-aty-belgil-kylmyshkerdin-tuugany-bolup-chykty



Добавить комментарий