Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев февралдын аягына чейин СИЗОдо калтырылды
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматованын жарандык никедеги күйөөсү Сыргак Кенжебаев 20-февралга чейин №1 СИЗОдо калтырылды. Бул тууралуу Айтматова Twitter баракчасына жазды.
Мындай өкүмдү Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова 13-январда кабыл алган.
Экс-депутат андан сырткары сот учурунда судья аны жана Сыргак Кенжебаевдин апасын залдан чыгарып салганын да билдирди.
Белгилей кетсек, Сыргак Кенжебаев 2019-жылы 20-декабрда Алматынын аэропортунан кармалып, Бишкекке алынып келгенден кийин УКМКнын убактылуу тергөө жайына киргизилген. Ал эми 21-декабрда ал №1 СИЗОго которулган. Кенжебаев кытай ишкеринен ири суммада акча алып, алдап кеткен деп айыпталууда.
Өз кезегинде Ширин Айтматова Сыргак Кенжебаевдин кармалышын өзүнүн саясий ишмердигине байланыштырууда. Акыркы кездери экс-депутат Үмүт2020 деген кыймыл негиздеп, анын алкагында өлкөдөгү коррупциялык иштер тууралуу айтып келет. Өзгөчө Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимов тууралуу бир нече чакан иликтөөлөрдү чыгарган.
Добавить комментарий ×