Алдамчы "чиновник” Кодуранованы Атамбаев менен жолуктурууну убадалаган

12 августа 2019 13:09 7088 Barometr
Поделиться в:
ok

Абакта жатып президенттик аппараттын кызматкери катары белгилүү адамдарга чалып алдымчылык кылган шектүү кармалды. Ал Жазаларды аткаруу тутумунун №1 мекемесинде алдамчылык менен соттолуп жазасын өтөп жаткан 32 жаштагы Темир Калмырзаев болуп чыкты. Ал өзү менен бирге жазасын өтөп жаткан 37 жаштагы Талгат Игисиновдун телефонун алып, Президенттик администрациянын өзгөчө жооптуу жетекчисинин атынан саясатта элге белгилүү инсандарга телефон чалган. Артисттик өнөрү бар кылмышкер үнүн өзгөртүү менен коомубузда болуп жаткан көрүнүштөргө карата алдамчылык менен ар кандай жалган маалыматтарды тараткандыгы аныкталды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө Темир Калмырзаев сурак берип, ЖКнын депутаты Асел Кодурановага телефон чалып камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну уюштуруп берүүнү убада кылган.

Ал ошондой эле КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаевага да телефон чалып, анын да ахыбалын сурап 7-8-августтагы окуялар боюнча толук маалымат алып турган.

Андан сырткары Темир Калмырзаев ЖКнын мурдагы депутаты Г.Молдобековага, Транспорт министрлигинин орун басарына, Бишкек мэриясынын жооптуу жетекчи кызматына, Экономика министрлигине жана башка бир катар мамлекеттик органдарга телефон чалып алардын иштеп жаткан ишмердүүлүгүн тактап сурап, кандай иштер аткарылат, кандай иштер пландалууда деген суроолорду коюп бардык маалыматтарды алып турганын айткан.

Учурда Темир Калмырзаев менен Талгат Игисинов абак ичиндеги өзүнчө түрмөгө камакка киргизилди. Ал сүйлөшкөн телефондор күбө далил катары алынды. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш процесси жүрүүдө.

Милиция бул кылмышкерлердин алдамчылыгынан жабыркагандар болсо ИИМдин криминалдык милициясына 0-312 26-62-61, кайрылууну өтүнөт.

Ошондой эле, Кыргызстандын ар бир жараны кандайдыр бир кооптуу жана жардам берүү тууралуу телефон чалуулар болсо сөзсүз кайра текшерүүн, кооптонуу бар болсо токтоосуз түрдө милицияга кайрылууну эскертет.

Ссылка: https://barometr.kg/aldamchy-prezidenttik-apparattagy-chinovnik-koduranovany-atambaev-menen-zholukturuunu-ubadalagan



Добавить комментарий